www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Айылчы ага, Кыргызстандын бүгүнкү күндө абалы тууралуу сөз кылалы. Өткөндө Акылбек Жапаров мырза “кийинки жылы бюджетти бир канча миллиард сомго көтөрөбүз” дегендей кылды. Жаңы өкмөттүн экономикалык долбооруна коомчулук кызыгуу менен карап, дагы эмне болуп кете турганын күтүшүүдө. Ушу боюнча сиздин оюңузду уксак дедим эле?

-- Өкмөттүн жаңы экономикалык программасы кыска мөөнөттүк, 1- 2 жылдык маселе сыяктуу болуп атат. Бул жерде стратегияны, чоңчоң максаттарды көргөн жокмун. Системалуу кыла турган иштер байкалбайт. Анүстүнө эки жылдан берки пандемия дүйнө жүзүндөгү экономиканын чакчелекейин чыгарды. Азыр кимиси кайсы маалда эмне болуп кетет, билбейт. Жалгыз Кытайдан башка өлкөлөрдүн дээрлик экономикасы токтоп калды. Россияда бир аз жылыш бар.

Европа эмгичекти оңоло элек. Америка болсо экономикасы эмес, саясый чакчелекейдин ичинде отурат. Дүйнө жүзүндө тирешүү абдан күчөп кетти. Кытай менен Американын ортосундагы экономикалык согуш акыры бир балээнин ичинен чыкчудай болуп турат. А Кыргызстан болсо пандемия мезгилинде туруктуу экономикасы жок өлкө катары абдан кыйналды.

Бүгүнкү күндөгү оор шарттардан улам, мурун эле жумушсуздуктун көптүгүнөн миллиондон ашык жарандарыбыз чет өлкөгө мигрант болуп кетишкен. Азыр алар келейин десе, бу жакта жумуш жок. Кетейин десе ал жакта эчтеке жок – ушундай кыйчалыш абал түзүлүп калды. Ал эми коюлуп аткан экономикалык максаттар Кыргызстандын ичиндеги пандемия жүрүшүнө, элдин сакайышына, ошондой эле экономиканын кайрадан жанданышына байланыштуу болот.

Учурда “биздин экономика өлүп же өсүп баратат” деп айтыш кыйын. Аны “жасайм” деген киши Дон Кихот сыяктуу маселе болуп атат. Акылбек Жапаровдун койгон максаты – ал өзү билген эсептерине таянып атса керек, аны мен билбейт экенмин.

Ал канчалык деңгээлде туура, канчалык деңгээлде ишке ашат? Азыркыдай, элдин күмөн санап турган нерсеси – биринчиден, жумушсуздук. Экинчиден, кирешелердин дээрлик жоктугу. Үчүнчүдөн, баалардын өсүшү. Быйылкы суу тартыштыгы, кургакчылыкта тапкан айыл чарба азык-түлүгүбүз кайсы маалга жетет? Бу да белгисиз.

А өкмөт болсо эми араң түзүлдү, министрлерин жаңы шайлап жатышат. Анан булар кайра ишкекиришип баштагыча канча убакыт кетет? Эч ким эчтеке деп айта албайт. Алдыда парламенттик шайлоо бар. Жаңы депутаттар келет. Жаманбы-жакшыбы, укугу барбы-жокпу, эл өкүлдөрү болот. Алар кандай деңгээлдеги маселени чечет, жарайбы-жарабайбы? Бул да чоң суроо. Андыктан экономикалык абалды алдын ала айтыш өтө эле оор.

Бирок, менин билишимче, 30 жылдан берки өнүп-өсүүбүз, чакчелекей болуп атышыбыз, эл аралык деңгээлде авторитетибиздин түшүп кетиши, кайра-кайра “революционербиз” деп көчөгө чыгып атканыбыз, митингди жумуш кылып алуу, анан “баланча, түкүнчө жардам берет, тигил грант берет, быяктан карыз алабыз” деп кайырчы кейпин кийип калганыбыз – мунун баары тескери таасирин берип атат.

-- Анан айтсаңыз, жакында эле президент Садыр Жапаров Осло шаарында глобалдык климат жыйынына барып келди...

-- Тоо долбоору Акаевдин тушунда эле ойлонуп табылып, тоолуу өлкөлөрдүн саммитин Кыргызстанда уюштуруп келген жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн гранттар тартылган. Чындыгында тоолуу өлкөлөрдүн экономикасы оор болот.

Жылдын 12 айы болсо, анын 8 айы суук. Кошумча чыгымдары да арбын. Бөлөк өлкөлөр бар, жайыкышы бирдей шартта. Алардын чыгымы аз. Мындан сырткары, мөңгү деген бар. Аны да Кыргызстан жакшы көтөрүп келген.

Кийинчерээк саясатташып кетти окшойт, жоголуп кетти. Башында жакшы эле гранттар келип аткан. Анын бир канча бөлүгү коррупциялык жол менен жеп-ичүүнү көргөндөн кийин алар да “кой айланайын, булардан алысыраак эле бололу” деген таризде качып калышса керек. Шылтоолоп апкелип, анан ал максаттуу жумшалбай, жеке өздөрүнө пайдаланып ийип, маселе көтөргөн чоңдорубуз алмаша берип, “деги кимиси менен сүйлөшөбүз, койчусу жок койлорго окшоп жүрө беришет экен” дешкендир...

Бир кызыгы, бирөөлөр келсе эле Токтогул суу сактагычыбызда суу жок болуп калат. Башкасы келсе суусу толуп калат. Жадагалса мөңгү, сууларыбыз да саясатташып кетти, дарыяларыбыз да бирде какшып, бирде ташкындайт, кызыктай жагдай, көрүнүш. Садыр Жапаровдун тоо долбоорун көтөргөнү туура эле болду. Эгерде бизде чын эле мөңгүлөр, аны менен кошо суулар азайып кетсе, Кыргызстан эле эмес, башка Орто Азия өлкөлөрүнө да зыяны тийет. Бирок, мына ушуну аягына чыгарып, жемиштүү иштерди кыла алабызбы – бул башка маселе.

Булак: Азия News гезити

Последние новости