www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айзиректин өлүмү: Дагы бир блогер милицияга жеткирилди

Ошто бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык жолугушуусунан кийин жолдошунун колунан каза болгон келин боюнча өз пикирин билдирген ТикТокчу Бауржан милицияга жеткирилди. Бул тууралуу адвокат Шердор Абдыкапаров билдирди.

«Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Экспертиза дайындалган. Бирок жыйынтыгы чыга элек. Иш козголо элек. Бауржанга чет өлкөгө чыкпаш үчүн кагаз берилген. Ошондуктан чек арадан кармалып, милицияга жеткирилди. Кармалганы, камалганы боюнча азырынча айтуу эрте»,- деди жактоочу.

Адвокат буга чейин милицияга арыз жазуу үчүн кол топтолуп жатканын билдирген. 

Эске салсак, ТикТокчу «Жөндөн жөн кантип эле катынын атып салсын? Жаман иш болгон. Буга 10, 20 жылдык себеп болуп жатат. Арак-шарап болгон жерде ыплас иш болгон»,- деген.

Последние новости