www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын №1 Көз микрохирургия бөлүмүнүн дарыгерлер жамааты кайрадан ачык кат жазды.

--Урматтуу Президент Сооронбай Шарипович! Биз, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталынын №1 көз микрохирургиясынын дарыгерлер жамааты сизге ачык кат аркылуу кайрылууга аргасызбыз.

Сизден, азыркы бөлүм башчы  Иманбаева С.С. кызмат абалын кыянаттык менен колдонгондугу тууралуу нааразычылыктан улам чыккан пикир келишпестик узакка созулуп, ушул күнгө чейин чечилбей жаткандыктан чара колдонуп, чечип берүүңүздү өтүнөбүз!

Буга чейин бир нече ирет ушул эле чечилбеген маселе боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурунку министри Батыралиев.Т., азыркы иштеп жаткан министр Чолпонбаев К.С. тарта, КР ЭККМК ж.б. мекемелердин жетекчилерине кайрылуу жасаганбыз. Бирок, тилеке каршы жарытаарлык жооп ала албадык.

2018-жылдын январь айынан тарта КР ЭККМКга Иманбаеванын иш бузууларын далилдеген бир нече фактылар белгиленген арыз менен баштаганбыз.

Арызда көрсөтүлгөн ар бир фактыга өз-өзүнчө кылмыш иши козголуусу тийиш. Тилеке каршы ушул күнгө чейин бир дагы факты боюнча кандайдыр жолдор менен иш козголбой келгендиги биздин жамаатты түйшөлтүүдө.

Ушул жылдын 18-майында бөлүм башчы Иманбаева С.С. өзүнүн иш ордунда УКМКнын кызматкерлери тарабынан бейтаптан акча талап кылып жаткан жеринен кармалгандыгы жалпы журтка маалым болгон. Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат. Ушул үрөй учургап окуядан кийин да оорулуулардан акча талап кылганын токтотпостон, жаза тартпасына ишенимдүү түрдө иштеп жаткандыгы өкүндүрөт.

Биз Сизден мамлекеттик коррупцияга каршы күрөшүүдөгү программанын негизинде ушул ишти өз көзөмөлүңүзгө алып, тергөө ачык жана акыйкат каралышын өтүнөбүз.

Иманбаева С.С. бийлик структураларында өзүнүн,чоң байланыштары бар  экенин жана ар кандай колдоо көрөрүн жашырбай келет.

Ошого байланыштуу, бир нече фактылардын бар экенине карабай кылмыш иши козголбогунан улам, жамаатта укук коргоо органдарынын, сот структураларынын Иманбаеванын пайдасына чечим чыгарганынан улам акыйкаттык жок экен деген ойго аргасыз такалып отурабыз.

Жогоруда айтылгандай коррупция менен кармалып, тергөө иши аягына чейин чыга элек учурда бөлүм башчы болуп иш алып барууга моралдык укугу барбы?!

Улуттук госпиталдын №1 Көз микрохирургия бөлүмүнүн дарыгерлер жамааты

Тоголок-Молдо көчөсү - 1, тел: 0312 66 3256

Булак: NazarNews.kg

Последние новости