www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азырынча ушундай өңүттөгү кеп кетти. Москвадагы Аскар Акаев мекенине кайтууга ашыгып, тиешелүү бийлик төбөлдөрүнө тымызын кат жазып жатканы каңкуланууда.

Кызыгы, бүгүнкү бийликтин "акылмандары" түпкүлүгүндө Акаевдин келишине каршы эместигин билдиришкени тар чөйрөдө да кызуу кепке алынууда. Алардын максаты Акаевди коомчулукту жазгыруу менен алып келип, андан соң Курманбек Бакиевдин дагы мекенине кайтышына "жашыл жарык күйгүзүүгө" жаңдалбастап жатышканы жакшы эле байкалып жатканы ошол эле тар чөйрөдө айтылып жатат.

Эгерде, эки качкын өлкөсүнө кайтууга куштар болушса, бир кездеги кылган-эткен "итчиликтери" үчүн жооп берүүгө даяр болушу керек. Андай болбосо болуп өткөн эки революциянын мазмуну жен гана "оюнчук" болуп калабы?, - деп "Айгай" гезити жазган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости