www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаев Сулайман-Тоо боюнча кайра комментарий берди

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин айланасындагы талкуу боюнча дагы бир жолу комментарий берди.

Калаа башчы Дүйнөлүк банк Сулайман-Тоону реконструкциялоого 12 млн доллар бөлгөнүн, бирок бюрократиялык тоскоолдуктардан улам бул каражатты алты жылдан бери колдоно албай жатышканын айтты.
 
“Мен болгону ар кандай бюрократияны токтотолу дегенди айткам. Ар бир ташты макулдашып отурсак, эч жакка жылбайбыз. Тоо ЮНЕСКОнун тизмесинде турганын жакшы түшүнөм. Бирок ашыкча бюрократияны токтотушубуз керек”, — деген Акаев.

Ошондой эле ал Нариман Түлеев тоону ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгарууну сунуштабаганын билдирди.
 
“Бул тууралуу мен айттым, бирок мисал катары гана. Түлеев болгону асма жол куруу идеясын бөлүшкөн. Бирок бул жөн гана идея болчу. Эч кандай курулуш планы жок. Ал эми тоонун айланасын көрктөндүрүү иштерин ЮНЕСКОнун жана Маданият министрлигинин талаптарын так сактоо менен жүргүзөбүз”, — деген Акаев.

Последние новости