www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Жогорку сотунун делегациясы 23–26-август күндөрү Өзбекстанга иш сапар менен барып, санариптик сот адилеттиги жана сот тутумун модернизациялоо боюнча өзбек тараптын тажрыйбасы менен таанышты.
Делегацияны Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев жетектеди.
Иш сапардын алкагында Мусаев Өзбекстандын Жогорку сотунун төрайымы Робахон Махмудова менен жолугушту.
Тараптар соттук кызматташтыкты өнүктүрүү, сот адилеттигин санариптештирүү жана практикалык тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.
Кыргыз делегациясы Өзбекстандын Жогорку сотунун тиешелүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, соттордун бирдиктүү маалыматтык тутуму, электрондук сот өндүрүшү жана документ жүгүртүү, сот иштерин автоматташтырылган бөлүштүрүү, жарандар үчүн санариптик кызматтар, ошондой эле сот тармагында жасалма интеллект жана аналитикалык инструменттерди колдонуу боюнча тажрыйбасы менен таанышты.
Мындан тышкары, делегация Ташкент шаарындагы Юнусабад райондук кылмыш иштери боюнча сотуна барып, сот ишин уюштуруу жана кылмыш сот өндүрүшүндө санариптик технологияларды колдонуу жол-жоболорун көрдү.
Ошондой эле Ташкент шаардык сотунун төрагасы Олимжон Исмаилов менен жолугушуу өтүп, сот өндүрүшүн уюштуруу, соттук башкаруу, процесстерди санариптештирүү жана кесиптик кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Кыргыз тарап өзбек кесиптештерине Кыргызстандын сот тутумун санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана ишке киргизилген электрондук сервистер тууралуу маалымат берди.
Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар тажрыйба алмашууну үзгүлтүксүз жүргүзүүгө, биргелешкен эксперттик жолугушууларды жана семинарларды өткөрүүгө, ошондой эле адистер үчүн тажрыйба алмашуу сапарларын жана стажировкаларды уюштурууга кызыкдар экенин билдиришти.
Тараптардын пикиринде, иш сапар Кыргызстан менен Өзбекстандын сот тутумдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана санариптик сот адилеттиги жаатындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.