www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын 35 жылдык эгемендүүлүгүнүн алдында Бишкек шаарынын тургундары өлкөдөгү өзгөрүүлөр тууралуу эмнелерди байкашканын айтышып, өз бааларын беришти.
Жарандар акыркы жылдары Бишкекте көп кабаттуу үйлөр, жолдор, мектептер жана заманбап имараттар көбөйүп, шаар көрктөнгөнүн белгилешти. Ошондой эле айлык маяна жана пенсия өскөнү айтылды.
Ошол эле учурда азык-түлүктүн кымбатташы, турак жайдын баасы, Бишкектеги тыгындар жана коомдук транспорттун ыңгайлуулугу негизги көйгөйлөр катары аталды.
Сурамжылоого катышкандар мындан аркы өнүгүү үчүн инвестиция тартуу, экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана жашоо сапатын жакшыртуу маанилүү экенин белгилешти.