www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-ноябрда жарандык активист Акбалык Жумалиева экс-президент Алмаз Атамбаевге суроолорду ирети менен тизип, #АтамбаевгеСуроо деген хэштег менен акция баштады.

Урматтуу достор, эртең Атамбаев өзүнүн “Апрель” каналынан маек берет. Келгиле, биз ага Фейсбук аркылуу суроо берели.#АтамбаевгеСуроо деген хэштег менен. Биринчи элдин суроосуна жооп берсин, анан актансын. Атамбаевдин башка жоопторуна суусаган жерибиз жок. Анда суроону мен баштап берейин.

1. “Лигласс” афера келишими үчүн эмнеге эч ким жазаланган жок?

2. “РусГидро” Кыргызстанга берген 37 млн доллар жок болду, ал кайда кетти? Ким жеп койду, ачык айтыңыз!

3. ТЭЦтен уурдалган миллиондор кайда?

4.Тарых музейинен уурдалган миллиондорду неге жашыргансыз, ага ким күнөөлү?

5. “Жүк кимдики?”, Дача Су

6. Батукаевди ким качырды, эмнеге унчукпайсыз?

7.Ош кандуу окуясынын күнөөкөрү, миңдеген күрмандыктардын себепкери Кадыржан Батыровду неге качыргансыз? (Батыров өзү айткан, Атамбаев чыгарган мени деп). Аны менен үч жолу жолугупсуз, эмне деп сүйлөшүү болгон?

8. “Белизгейт” жалган болсо, А.Сегизбаевди жазалайм дегенсиз, эмнеге убагында жазалаган жоксуз? Азыр Сегизбаев ошол күнөөсү үчүн камалуусу керекпи?

9. Өмүрбек Текебаевге жалаа жапкан сиздин жакыныңыз, Маевский камалды, азыр уяласызбы ошол үчүн?

Мына, менде ушундай суроо. Эстафетаны башкаларга узатам. Хэштегди унутпагыла дейт Акбалык Жумалиева өз сөзүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости