www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
17-ноябрда Бишкек шаардык мэриясынын жетекчилиги автобустар базасын текшерип чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын автобазасындагы 2008-2010-жылдары алынган автобустардын дээрлик көпчүлүгү жарактан чыккан. Алардын айрымдарын гана оңдоого болот. Жакында мэрия автобус сатып алуу үчүн тендер жарыялайт. Ал үчүн бюджеттен 382 млн. сом бөлүнгөн.
Газ менен жүрүүчү автобустун баасы орто эсеп менен алганда 110-140 миң доллар болору айтылган. Баа маселеси тендерде аныкталат. Учурда 150 автобус иштеп жатат, 125и оңдолууда. Бишкек шаарын толук камсыз кылыш үчүн 800гө жакын автобус талап кылынат.
Булак: NazarNews.kg