www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Джо Байден Украинаны НАТОго түртмөлөгөн стратегиясы менен өлкөнү "өлүм жазасына" тартты. Мындай пикирин Newsweek үчүн жазылган макалада Пентагондун чалгын башкармалыгынын экс-кызматкери Ребекка Коффлер билдиргенин РИА Новости жазды.
Автор Ак үй администрациясы менен Конгресстин Украинага кошумча финансылык көмөк көрсөтүү боюнча пикир келишпестиги январда гана чечилерин эске салган.
"Январда маселе кандай бүтөрүнө карабастан Украинанын тагдыры белгилүү: өлүм саны жогорулап, кыйроолор көбөйөт, 2024-жылы да кан төгүлөт", — деген Коффлер.
Анын айтымында, "Украина менен украиналыктардын жок болушу" үчүн жоопкерчилик Байдендин мойнунда. АКШ лидери, Барак Обаманын тушундагы вице-президент жана ошол кездеги администрациянын Украина боюнча ишенимдүү адамы ушу тапта өз командасы менен Киевди НАТОго түртмөлөө боюнча кооптуу стратегиясын улантууда.
Коффлер Украинанын НАТОго кошулуусуна Москва макул болот деп ойлоо "профессионалдуулукка жатпай" турганын белгиледи.
"Бул Украинаны өлүм жазасына тартууга тете. Бир да акыл-эстүү аскер командачысы каршылаш альянска өз чек арасынан миң чакырымдан жакын жайгашууга жол бербейт. АКШнын бир да аскер жетекчиси Кытай менен Россияга өз аскерин Мексика же Канадада жайгашуусуна чыдамак эмес", — деди автор.
Натыйжада Байден "Америка элин саан уй катары, ал эми украиналыктарды курмандыкка чалынчу мал" катары пайдаланууну туура көргөн. Коффлер "өзүнүн ийгиликсиз кадамдарын Вашингтон "пропагандалык кампания" менен АКШ Европанын эң коррупциялашкан өлкөсү Украинага "өз демократиясы үчүн" күрөшүүгө жардам берип жатат деп жымсалдоодо", — деп макаласын жыйынтыктаган.
Анын айтымында, учурда Украинанын өнөр жайы, инфраструктурасы жана айыл чарбасынын пайдубалы урап жатат, өлкөдө дээрлик киши калбай калды. "Бирок Байден Конгрессти киев режими үчүн кошумча миллиарддарды бөлүүгө мажбурлап, Американын элин жеңишке аз калды деп ишендирүүгө аракет кылууда. Эгер Конгресс Байденди токтотпосо, Украинадагы кандуу булоон 2024-жылы да, андан ары да улана бермекчи", — деп айтылат маалада.
Эскерте кетсек, Байден күз айларында Украина менен Израилге, ошондой эле Азия-Тынч океанындагы регионго жардам көрсөтүү үчүн 106 миллиард доллар сурап, толук колдоого ээ боло алган эмес.
Булак: NazarNews.kg