www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ грин-карта ойнотууну убактылуу токтотот

АКШ бийлиги университеттеги ок атышууга байланыштуу грин-карта ойнотулуучу программасынын ишин убактылуу токтотот. Бул тууралуу АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм Х социалдык тармагындагы баракчасында жазды.

«14-декабрда Браун университетинде ок атуу уюштурган Клаудио Мануэл Невеш Валенте 2017-жылы Diversity Visa иммиграциялык визалык программасы аркылуу АКШга кирип, кийин АКШнын туруктуу жашоочусу макамын алган», — деп билдирди министр.

Анын айтымында, бул адамга өлкөгө кирүүгө уруксат берилбеши керек болчу.

Ноэм ошондой эле 2017-жылы АКШнын президенти Дональд Трамп Нью-Йоркто болгон теракттан кийин визалык лотерея программасын токтотууну сунуштаганын эске салды. 

Анда ИГИЛ тобунун мүчөсү дал ушул программа аркылуу АКШга кирип, жүк ташуучу унаа менен адамдарды сүзүп кетип, сегиз адам каза болгон.

Министр өз билдирүүсүндө президент Трамптын көрсөтмөсү боюнча АКШнын Жарандык жана иммиграциялык кызматтарына (USCIS) өлкө жарандарынын коопсуздугуна коркунучтарды алдын алуу максатында DV1 программасынын ишин дароо токтотуу тапшырмасы берилгенин маалымдады.

Последние новости