www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Ирандын 52 обьектисине сокку урганга эрки жетпээрин, Ирандын куралдуу күчтөрүнүн башчысы эскертти. Бул тууралуу, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Ирандын куралдуу күчтөрүнүн башчысы IRIB телерадиокорпорациясына маалымат берип жатып билдирген. “Келечекте мүмкүн боло турган чыр-чатактын жүрүшүндө, учурда айтылган "5 жана 2" сандары кайсы жерге тиешелүү болору белгилүү болот”- деп айткан.
Эске салсак, Америка президенти Дональд Трамп Иран тарабынан АКШга кол салына турган болсо, Ирандын 52 объектисине өтө тездик менен катуу сокку урарын айтып коркуткан. Бул тууралуу АКШ президентти Twitter баракчасына жарыялаган.
"Эскертүү болсун. Эгер Иран америкалыктарга же америка мүлкүнө сокку ура турган болсо, биз Иран жана иран маданияты үчүн маанилүү болгон 52 объектисин бутага алабыз (көп жыл мурун Иран тарабынан барымтага алынган 52 америкалык жарандар). Мунун баары Иран сыяктуу эле өтө тездик менен жасалган оор соккуга кабылат. АКШ кандайдыр бир коркутууларды каалабайт"- деп жазган.
Булак: NazarNews.kg