www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оогандык талиптер Бириккен Араб Эмираттарында АКШнын расмийлери менен жолугушканын маалымдады. 17-декабрдагы сүйлөшүү "Талибан" менен тынчтык келишимине жетүү максатын көздөй олуттуу кадам катары сыпатталууда. "Рейтер", "Ассошиэйтед пресс" өңдүү басылмалардын кабарына ылайык, "Талибандын" расмий өкүлү Забихулла Мужахед жолугушууга АКШдан тышкары Сауд Арабия менен Пакистандын өкүлдөрү да катышканын айткан.
Бирок Вашингтон бул жолугушууну тастыктаган да, четке каккан да жок.
Мурдараак АКШнын Ооганстан боюнча расмий өкүлү Залмай Халилзад талиптердин өкүлдөрү менен бери деген эки жолу сүйлөшүү өткөргөнү кабарланган.
Булак: NazarNews.kg