www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксы РИИБнин кызматкерлери Кербен шаарындагы №36 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде окуучулар менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Бул жыйынга райондук мамлекеттик администрация, билим берүү, социалдык өнүгүү, үй-бүлөнү коргоо, балдарды колдоо бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана мектеп окуучулары менен ата-энелер катышышты.

РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери ата-энелерди мектептен сырткары балдарына тыкыр көзөмөл кылууга чакырышты. Кышкы мезгилде кооптуу аймактардан чана, лыжа тебүүбө болбостугун эскертишип, ар түрдүү кырсыктардан оолак болууга үндөштү. Мындан сырткары жаштар арасында кылмыштуулуктун жана суициддин алдын алуу, топтошуп мушташууларды, мектеп рекетчилигин болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости