www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кырдаалга жараша көз карашын өзгөрткөн, жагалданганды башкача түргө келтиргендердин ооматы негедир дайыма ашып турат экен. Ошолордун туу башында кадимки даңкы алыска тараган Акылбек Жапаров турарын жамы журт билет. Арифметиканы жаңгактай чаккан бул киши далай илимий иштерди жазганы менен анын "пайдалуу"- сунуштары сандыкта эле саргайып калып калганы "өкүнүчтүү".
Анткени андай илимий изилдөөлөрдү эч ким колдонбой калды. Ага карабастан кээде оңутун тапканда микрофондун кереметин пайдаланып калууга жанын үрөйт. Жети дубандын ар бирин чет өлкөлөргө берип өнүктүрөлү деген "оригиналдуу кеңеши" да суу кечкен жок.
Ал тургай мунусу келекеге айланып кетти. Амалы менен жашоо образын түркүн түскө боегон бул депутаттын азыр ойлору бир жерде эмес. Кантип шайлоодон өтүп кетер партияга жармашам деген санаа менен алек. Акылдуу кишиге оң төлгө түшө берет демекчи, анын жолун деле табууга дарамети жетерине күмөнүбүз жок.
Демек, кайра эле парламентке ушундай "жолдуулар" келерин ойлогондо заманаң куушурулуп кетет экен. Тилекке каршы буларга тең келүү мүмкүнчүлүгү жок. Баары бир ушулар тар жолдон, тайгак ашуудан кыйгап өтүп кетишет. Анткени капчыгында жашылбайлар толтура...
Булак: “Ачык сөз”