www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1-майдан тарта Ала-Арча капчыгайына унаа менен кирүүгө тыюу салынат. 1-11-май күндөрү Бишкек шаарында «Ала-Арча» жаратылыш сейил багына чейин автобустук жарым экспресс-маршрут уюштурулат.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, маршруттун акыркы аялдамалары Т.Усубалиев атындагы аянтта жана «Ала-Арча» жаратылыш сейил багында жайгашат. Накталай төлөм менен жол кире 50 сом, накталай эмес төлөм менен 40 сомду түзөт. Автобустар саат 08:00дөн 19:00гө чейин каттайт. Зарыл болгон учурда иш тартиби кайра каралат.
Инфраструктураны жакшыртуу иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин жана «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш сейил багынын директору Талант Жекшеновдун жетекчилиги астында жүргүзүлүүдө.
Президенттин иш башкаруучусу К.Туманбаев буга чейин билдиргендей, эс алуучуларды ташуу үчүн 84 электромобиль сатылып алынган: 14 жана 12 орундуу, алар Бишкекте.
«Капчыгайга электр унаалары гана кире алат. Учурда инфраструктураны жакшыртуу иштери жүрүп жатат: чоң амфитеатр, тез тамактануучу жайлар курулууда. Быйыл капчыгайда тамак-аш даярдоону кошкондо, кандайдыр бир иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салабыз», - деп билдирген ал.
Сейил бактын жетекчилиги билдиргендей, анын кире беришинде 2,5 миң унаага ылайыкталган, электр кубаттоочу станциялар менен жабдылган унаа токтотуучу жай курулууда. Кирүү жана чыгууну көзөмөлдөө үчүн турникеттер колдонула турган өткөрүү пункту курулууда. Төлөм QR-код, терминал, смарт-карталар жана биометрикалык маалыматтар аркылуу жүргүзүлөт.
Абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу максатында сейил бактын аймагында көмүр жагууга да тыюу салынат. Анын ордуна заманбап газ орнотулат.