www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ала-Арча суу сактагычынын жээгинде мыйзамсыз таштанды калдыктары топтолгону аныкталып, ижарачыга административдик айып пул салынды.
Интернет булактарында жарыяланган маалыматтын негизинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ала-Арча суу сактагычынын биринчи бөлүгүн ижарага алып, иштетип жаткан жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик протокол түзүлүп, 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, суу сактагычта эс алып жүргөн жарандарга жана ышкыбоз балык уулоочуларга айлана-чөйрөнү коргоо, таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштабоо жана жаратылыш объектилерине аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Министрликтин маалыматына караганда, буга чейин да Ала-Арча суу сактагычынын жээгинде мыйзамсыз таштанды калдыктары боюнча чара көрүлүп, дагы бир ижарачыга административдик айып пул салынган.