www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркындагы Пионер чокусу ШКУ чокусу деп өзгөртүлдү.
Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов билдирди.
Анын айтымында, чокуга жаңы аталыш Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгына карата берилди.
Кубатов ШКУнун аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.
Чокунун аталышын өзгөртүү чечими социалдык тармактарда ар кандай пикирлерди жаратты.
Пионер чокусу буга чейин Бишкектен болжол менен бир сааттык аралыкта жайгашкан Ала-Арча капчыгайындагы популярдуу тоо чокуларынын бири болуп келген.
Анын бийиктиги деңиз деңгээлинен 4 050 метрге жакын.