www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 29 жаштагы жаран менен тогуз айлык наристенин өмүрүн алды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-сентябрда саат 20:00 чамасында милицияга Ала-Бел ашуусунда жол кырсык катталганы маалымдалган. Бишкек-Ош унаа жолунун 220-чакырымында 1993-жылы туулган жаран "Мазда 6" унаасы менен бара жатып, рулга ээ боло албай 1967-жылы туулган жарандын башкаруусундагы "Субару" менен сүзүшкөн.

Анын кесепетинен "Субарудагы" 1993, 1972 жана 1967-жылы туулган жарандар ооруканага жеткирилген.

Ошол эле унаанын 2021-жылдын декабрда туулган наристе менен 1993-жылы туулган жаран окуя болгон жерде каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости