www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусундагы Алай районунун Сары-Таш жайлоосундагы жайытты келишимдин негизинде Өзбекстанга пайдаланууга берүү маселеси каралып жатат. Мындай пикирин өкмөттүн Оштогу өкүлү Таалай Сарыбашов эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн жолугушуусунда журналисттерге билдирди. Бул маалымат тууралуу Спутник сайты жазып чыкты.
Анын айтымында, аталган аймакты СССР маалында Өзбекстан келишимдин негизинде жайыт катары пайдаланып келген.
"Сары-Таш жайлоосундагы жайыт учурда жергиликтүүлөр тарабынан пайдаланылбай турат. Союз мезгилинде кошуна өлкө менен жайыттарды пайдалануу боюнча келишимдер түзүлүп келген. Бүгүнкү жолугушууда бул маселени карап чыктык. Жакын арада Алай районунун акими менен Анжиан облусуна келип маселени тыкыр карап, кошуна өлкөгө жайыт катары пайдаланууга келишим түзөбүз. Эгерде бул демилге ишке ашса, анда Алай районунун экономикасынын көтөрүлүшүнө да чоң салым болот", — деген Сарыбашов.
Азырынча мындай пикир социалдык түйүндүн колдонуучуларына анчалык деле жага берген жок. "А" дей электе аттын башын бура тарткан алайлыктар бул жаңылыкты кандай кабылат, азырынча белгисиз.
Булак: NazarNews.kg