www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол кыймылынын эрежелеринде бир катар өзгөрүүлөр киргизилди. Бул тууралуу маалымат жыйында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген жаңы Кодекске ылайык, унаада коопсуздук үчүн атайын жабдуулары жок балдары менен жүргөн айдоочуларга 3 миң сом өлчөмүндө айып каралган.

"22 бөлүмдүн 22.9 пункту толукталган. Анда 12 жашка чейинки курактагы балдарды ташууга тыюу салган нормалар кошулду. Ага ылайык, төмөнкү жерлерде ташууга тыюу салынды: мотоциклдин арткы отургучунда, борттук платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда, балдар креслосу жок жеңил автомобилдин алдыңкы отургучунда", - деди ал.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости