www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алина: Жездемди сүйөм. Мен алсызмын...

Окурманыбыз өзүнүн арыз-муңун бөлүшүп биздин [email protected] электрондук дарегибизге кат жолдогон. Каарманыбыздын жашоодогу көйгөйүн сиздерге бөлүшмөкчүбүз.

Саламатсыздарбы! Атым Алина жашым 27 де.

Жездем менен эжем турмуш курганына 15 жыл болду. Тиричилиги абдан жакшы. Алардын Асанбайда сонун квртирасы бар. Менен Ак үйдүн маңдайында ата –энем менен чогуу турам. Эжем биздикине бат бат каттайт. Эки баласы менен жалгыз калганда мени дайыма чакырып алат.

Ошентип эжеме жардам берип жүрүп, жездемдин эжеме кылган мамилесин көрүп, мен ага ашык болдум. Чынын айтсам эжекемдин үйүнө жездем үчүн барам. Жакында эжем менен жездем мага туулган күнүмө унаа белек  кылышты. Жигит сөрөйүм бар аны эжемдин күйөөсү менен салыштыра берип, ага  кыжырым келип  кетет. Эмне кылсам болот.

Кыялданам, жездем эжемди таштап, мени алса деп. Билем менин тилегим жеткен наадандык, жана адамкерчиликсиздик.

Бирок мен бул сезимдин астында алсызмын. Эгерде жездем менин  ага болгон сезимиме , сүйүү менен жооп берсе, менден өткөн бактылуу аял заты болбостур.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости