www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы өкмөттүн түзүмү, программасы кыска мөөнөттө каралды. Мүмкүн баары шайлоо алдында чечилген маселедир. Премьер-министр Улукбек Марипов 3 күндө программасын жаза албайт. Мындай пикирин мамлекеттик жана коомдук ишмер Алманбет Матубраимов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн айлык акыларды көбөйтүү, калкты жакырчылыктан чыгаруу сыяктуу берген убадаларын аткарууга негиз жок. Элди үмүттөндүрүп берген анты аягына чыкпайт.

«Бүгүн «өнүгүп кетебиз, мамлекетти гүлдөтөбүз», — деген болбогон нерсе. Экинчиден, оптимизация сөзү модага айланды. Марипов кыскартуулар боюнча так жооп бере алган жок. Эгерде программасы даяр болсо, мамлекеттик система ишке кириши керек эле. Эң негизги милдетти Мариповго жүктөп жатышат. Аракеттеги Конституция боюнча президент Садыр Жапаровдун экономикалык маселелерге кийлигишүүгө укугу жок», — дейт Матубраимов.

Ал Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамы, программасы үчүн жооп бериши керектигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости