www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы жылдан кийин күчүнө кирген, дүңүнөн талкуусу жок эле кабыл алынган  кодекстердин күңгөй-тескейин билүү максатында айрым инсандарга байланышып, кодекстин  артыкчылыгы жана кемчилиги кайсылар деген  суроо салдык.

-Жалпы жолунан жаңы жылдан кийин күчүнө кирген кодекстер сот укуктук реформага багытталган маанилүү мыйзамдар. Оңдочу жактары бар, бирок мыйзамдар иштеш керек. Артка кайтарганга болбойт. Адам укугун, адамдын баркын, кадырын коргоого багытталган мыйзамдар. Бирок, айрым күч органдары тарабынан бул кодекстер боюнча саботаж жүрүп жаткандай сезилет. Сыягы, аларга жаңы эмес, эски эрежелер эле жагып жаткандай.  Бирок, алар коомчулукту мурдагы эле шартта иштегенибиз, мурдагыдай эле мыйзамдар менен жашаганыбыз жакшы дешкени менен  эски эрежелер элге жакпай  жатат. Эски эрежеден эл тажаган үчүн  көп жылдан бери эле сот укуктук реформаларды жасагыла деген талап күч. Менин оюмча дагы бул кодекстер кемчилиги оңдолуп, кодекстер иштеш керек. Битке өчөшүп көйнөктү өрттөбөш керек. Мыйзамдар иштеш керек. Элди иренжиткен айып пулдар кайра каралат. Башкача айтканда, түкүрүккө  болгон чоң  айып пул кыскартылат. Кыскасы, жаңы кодексти жээрибей кемчилигин оңдошубуз керек.

Булак: "Фабула"

Последние новости