www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай заводдорунун курулушуна каршы болгон Жанаозен шаарынын тургундарын алматылыктар дагы колдоорун билдирип, ондогон адамдар акимиат алдына чогулушту. Бул тууралуу казак маалымат булактары жазышууда. Чогулгандар жанаозендүктөрдү колдоо сөздөрүнөн тышкары, коррупцияга шектелип абакта жаткан "Казатомпром" уран казуу компаниясынын мурдагы башчысы Мухтар Жакишевдин бошотулушун да талап кылышкан. Эл алдына акимдин орун басары Сапарбай Туяков чыгып, сүйлөшүү үчүн ичкери кирүүнү сунуштаган. Бирок буга чогулгандар көнүшкөн жок. Тескерисинче бийлик өкүлдөрүнүн сырка чыгуусун талап кылышкан.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости