www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандыктарды ПЦР тестти барбы, жокпу ташып келип жатышат. Шаарда мейманканаларда орун калбай калыптыр. Мындай пикирин журналист Алмаз Темирбек өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

"Бузулган элге бучук бий... COVID кете элек... Күнүнө 5-6дан адам кайтыш болууда. Жүздөгөн адамдар жуктуруп алып жатышат. Бийлик кыргыз жарандарын "COVID ге эмдөө алгыла, ашканадан арзан тамак, дүкөндөн арзан бут кийим алганга жеңилдик болот", - деп эстери ооп жатат.

Ошол эле кезде Пакистандыктарды медсправкасы, ПЦР тестти барбы, жокпу ташып келип жатышат. Шаарда мейманканаларда орун калбай калыптыр. Келип жаткандар Сауд Арабиясына мигрант болуп кете тургандар деп жатышат. Сауд Аравиясы түз кабыл албай, үчүнчү өлкө аркылуу 15 күн обсервацияга жаткырып оору жок деген ишенимде болгон соң, алып кетүү шарты менен Кыргызстан аркылуу ташып жатыптыр. Кыргызстан пактар үчүн Сауд Арабиясынын жумушчу мигранттарына обсервациялык милдетти аткарып жатыптыр. Өкүнүчтүүсү келген пактар мейманканаларда обсервацияда жатпай шаарга жайылып кетишти. Көзөмөл жок.

Бийлик транзитке, визага, жол кире, обсервацияга деп эптеп акча жасоонун айласын издеп, кыргыз элинин ден-соолугун, коопсуздугун уруп ойношкон жок. Биз эмнени кааласак ошондой болот деген өкүм зордук менен өз билгендерин жасап жатышат. Баса белгилей кетчү жагдай, өлкөгө киргендердин канчасы Кыргызстанда калып калат эч ким билбейт. Булар менен кошулуп Афганистандан Исламабад аркылуу канчалаган качкын кирип жатканын айтуу кыйын. Кыргыз эли мындайды: "Бузулган элге бучук бий", - бир ооз сөз менен эле айтып койгон", - деп белгилген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости