www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-апрелде Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды.
Жолугушууда мамлекет башчысына Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Кыргызстандын төрагалыгы алдында Бишкекте өтө турган кезектеги жыйынына даярдык иш чаралары тууралу маалымат берилди.
Президент Алмазбек Атамбаев менен Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия төрагасы Тигран Саркисян алдыдагы жыйындын күн тартибин талкуулады. Анда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары биримдик алкагында андан ары экономикалык өз ара аракеттенүүлөрдүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле эл аралык кызматташтыктын негизги аспектилерин талкуулашат.
Мындан тышкары Евразиялык экономикалык биримдиктин быйылкы жылдагы ишмердигинин пландарын карашат. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин сунушу боюнча 2017-жыл Евразия мейкиндигинде бизнестин өнүгүшүнө эң жагымдуу шарттарды түзүүгө арналат.
Булак: президент.кж