www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Дональд Трамп АКШнын Сирияга жасаган кол салуусунан кийинки маалыматында Европа биримдигинин Сириядагы аёсуздукту бүтүрүү үчүн АКШ менен иштей тургандыгын айтты. Туск : «АКШ кол салуусу барбарларча химиялык кол салууга каршы чечкиндүүлүккө муктаж экендигин көрсөтүүдө»,- деди.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг болсо АКШнын Сирия аскердик базасын атышы тууралуу маалыматында : «Бул абалдын бардык жоопкерчилиги Сирия режиминики. Эч бир химиялык курал колдонуу кабыл алынбайт. Жоопсуз да калбайт жана аткаруучулар жооптуу»,- деди.
Израилдин премьер – министри Беньямин Нетаньяху Сирия режимине химиялык куралдар тууралуу маалымат берген АКШнын президенти Дональд Трамптын операция чечимин колдошкондорун билдирди.
Орусия болсо БУУнун Коопсуздук Кеңешин чукул чогулууга чакырды.
Сауд Аравия менен Англия АКШнын Сирияда режимге таандык аскердик базага жасалган операцияларга толук колдоо беришкендерин билдирип, Иран болсо кол салууну айыптагандыгын жарыялады.
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Айро АКШнын Сирияда аба базасын атуусуннун Асад режимине карата эскертүү экендигин айтты.
Орусия менен Ирандын Сириянын мамлекет башчысы Башар Асадды колдоонун маанисиз экендигин байкашы керек экендигине көңүлдөрдү бурган Айро : «Женевада мындан мурда чыгарылган чечимдерди ишке ашыруунун учуру келди. Тактап айтканда Сирияда саясий өткөөл процесси үчүн таасирдүү сүйлөшүүлөрдү кайрадан баштоо керек»,- деди. Айро социалдык медиа аркылуу бүгүн жарыялаган маалыматында Асаддын «согуштук кылмышкер» катары соттолушу керектигин жактады.
Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Франциянын президенти Франсуа Олланд Сириядагы абалдардын бир гана жооптуусунун Асад экендигин белгиледи. Эки лидер өткөргөн пресс – жыйында эл аралык коомго чакыруу салынып, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2254 – чечимине жана Женева келишимине ылайык эл аралык коомдун Сирияда саясий өткөөл үчүн аракет кылышы керектиги талап кылынды. Ошондой эле Голландия, Польша, Австралия жана Япония да колдоо берди.
Булак: "trt.net.tr"