www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов менен өкмөттүн ортосундагы талаш-тартыш маселени Жогорку сот Р. Матраимовдун пайдасына чечкенин коомчулук түрдүү реакцияда кабыл алды. Жогорку сот ага чейин райондук жана шаардык соттун чечимдерин күчүндө калтырды. Демек, ага ылайык Р. Матраимовдун 2017-жылы ноябрь айында кызматынан алынганы мыйзамсыз болуп чыкты. Айрымдар муну албетте жакшы кабыл алышкан жок, ошол эле убакта колдогондор да аз эмес болду. Мындай кайчылаш пикирлердин болгонун да туура түшүнсө болот. Себеби, Р. Матраимовго байланыштуу түрдүү жоромолдор акыркы убактарда өтө көп айтылып атпайбы. Бул тууралуу маалыматты Трибуна тайпасы жазып чыкты.
Бирок, Жогорку соттун бул чечими кандай болгон күндө да обьективдүү экенин саясий илимдердин доктору, белгилүү юрист Канатбек Азиз маалымат булактарынын бирине берген маегинде билдирген:
«Акыйкаттык үчүн, ошол эле убакта коргонуу үчүн Матраимов же башка ким сотко кайрылганына көңүл бурбастан укук жана мыйзам позициясынан гана алып карай турган болсок, канчалык парадоксалдуу угулса дагы, Жогорку соттун позициясы обьективдүү болду. Же райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимдери чындыгында мыйзамдуу жана негиздүү болгон», - дейт Канатбек Азиз.
Белгилүү юрист бул жердеги бирден-бир маселе Эмгек кодексиндеги 427-берене болгон: «Саясий жана атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп тургандардын жумуштан бошотуу, жумуштан бошотуунун мөөнөтүн жана себептеринин формулировкасын өзгөртүү, башка жумушка которуу, аргасыздан жумуштан калуу убактысында төлөнүүчү эмгек акы же аз төлөнүүчү ишти аткаруу жана дисциплинардык жаза берүү сыяктуу жеке эмгектик талаш-тартыштарына соттон тышкаркы тартипте уруксат берилет», - дейт.
Ал эми Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлык кызматы саясий дагы, атайын дагы кызмат эмес экенин, Алмазбек Атамбаев президент кезиндеги жарлык менен бекитилген реестрде мындай кызматтар саясий эмес, административдик мамлекеттик категорияга кирип калганын айтат юрист.
Андыктан Сапар Исаков Р. Матраимовду кызматтан аларда аны кызматтан алуу боюнча мыйзам менен бекитилген тартипти сакташы керек болчу. Мисалы, административдик жазалардан (эскертүү, сөгүш жана башкалар) премьердин атына ведомствонун жетекчисинин аны кызматтан алуу тууралуу жазуу түрүндөгү каты милдеттүү болчу. Мындай нормалар жасалган эмес.
Азыр Алмазбек Атамбаевдин КСДПсынын айрым өкүлдөрү Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басарлык кызматы саясий кызмат деп айтып жатышканын айтып, андыктан аларга «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтар боюнча» мыйзамды окуп чыгышын сунуш кылат.
«Эгерде ошол күндөрдөгү окуяларды эстесек, анда Р. Матраимовду кызматтан алуунун демилгечиси ал кездеги мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев болгон. Ал Сапар Исаковдон Матраимовду кызматтан алууну суранган. Анан дагы анын көмүскө схемасынын айынан республикалык бюджетке ондогон миллион сомдор түшпөй жатканын айтып айыптаган. Эгерде коомчулуктун алдында кимдир-бирөөнү кандайдыр бир кылмышка айыптоо болсо, анда аны кызматтан алуу эмес, жоопкерчиликке тартуу боюнча сөз жүрүшү керек эле. Сапар Исаков же ошол эле Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдарына ошондой тапшырма берди беле? Жок», -дейт Канатбек Азиз.
Юристтин айтымында Алмазбек Атамбаев жана анын айрым тарапташтары ошол кездеги премьер Сапар Исаковду атайылап жолдон адаштырып, эми болсо бүгүн коомчулуктун башын айлантууда.
Булак: NazarNews.kg