www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-июлда аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы жана участкалык кызматкер анын Кой-Таштагы үйүнө барышты. Алмазбек Атамбаев кайрадан Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылды.

Чакырууда Атамбаев Тергөө кызматына 19-июлда эртең менен барышы керектиги жазылган. Чакыруу «Элдик штабдын» башчысы Кыяз Смаиловго тапшырылды.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев эки жолу – 9-июлга жана 11-июлга суракка чакырылган болчу. Биринчи чакыруудан кийин Атамбаев комментарий берип, суракка барбай турганын айткан.

«Мен эмне үчүн ИИМге барышым керек? Жада калса бул кагазды колума да албайм, анткени бийлик укук талаасына кириши керек», - деген Алмазбек Атамбаев.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик макамынан ажыраткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости