www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алоолонуп күйгөн миллион доллар

«Senna» деп аталган спорткар автомобили болгон «McLaren» маркасындагы темир тулпар «Формула-1» авто жарышы боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Айртон Сенндин ысымына ата­лып, 2017-жылдан баштап чыгарыла баштаган. Аталган авто тууралуу маалыматтарга үңүлсөк чынында эле кыйын темир тулпар экен. 8 цилиндирлүү, моторунун күчү болсо 800 аттын күчүнө барабар, 7 скоростуу коробкасы, 2, 8 секунддун ичинде эле, көз ачып жумганча дейличи, саатына 100 киллометр ыламдыкты кармаган, жогорку ылдамдыгы 340 км/ саат болгон, баасы да ошончолук «сонун» 1 миллион АКШ долларынан өйдө башталат. Бирок, сонуну курусун кечээ жакында эле ушундай машинени 1 мил­лионго сатып алган немис жигити алганына арадан 11 күн өтпөй, татынакай эле жүрүп бараткан жеринен моторунан өрт чыгып темиринен башка эч нерсеси кал­бай өрттөнүп кетти. Болгону ошол 11 күндүн ичинде 640 киллометр гана жүргөн экен кургур.

Жаңылышпасак так ушундай эле машинени, так ушундай эле миллион долларга сатып алган Мюнхендик дагы бир мырза эртеси эле авария болуп, араң аман-эсен калганы жөнүндө маалымат тараган эле. Ой, тобоо десең!

Булак: "Айгай пресс"

Последние новости