www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ата-Мекендик жана аймактык медия булактары 2018-жылдын 6-сентябрында Америкалык конгресске шилтеме кылып, Кыргызстандагы Америка Кошмо Штаттарынын жаңы дайындалган элчиси Дональд Лу мырза болгондугун кабарлашкан. Ошол мезгилдеги маалыматтарга ылайык, май айында Америка Президенти Дональд Трамптын колдоосу менен талапкерлиги көрсөтүлгөн “адашы” Лу мырза Сенаттын кароосуна жиберилген. Ал эми буга чейин Кыргызстандагы АКШнын элчисини орду дээрлик бир жыл бош тургандыгы да эскертилген.
Ушул эле жаңылыкты улай орусиялык бир катар басылмалар элчи тууралуу айрым бир серепчилердин пикирлерин жарыялашкан. Бул маалыматтарда Дональд Лу мырзанын өтмүш тажрыйбасына, кайсыл мамлекеттерде АКШнын элчиси болгондугун, барган жеринде кандай иш-аракет кылгандыгы тууралуу көп аңыз кептерди айтышкан. Айтымдарында, мурдатан элчилик кызматты аркалаган Дональд Лу Американын Индия, Пакистандагы жана постсоветтик Азербайжан, Грузия өлкөлөрүндө элчи болгон. Акыркы жолу Албанияда элчилик кызматын өтөгөн. Бул жерде өзгөчө көңүл бура турган факт катары, Дональд Лунун 2003-2006-жылдары Американын Кыргыз Республикасындагы элчисинин орун басары кызматында да иштеп кеткендигин баса белгилешкен. Америка элчилигин 2005-жылы 24-мартта Кыргызстанда болгон жоогазын ыңкылабында бейөкмөт уюмдарга жана кыргыз оппозициясына тымызын каржылык жана саясий колдоо көрсөткөндүгү үчүн айыптаган экс-президент Аскар Акаевдин сөздөрүн окурмандардын эсине салган. Чындап эле бул өңүттө карап келсе Дональд Лу мырзанын өлкө ичиндеги коомдук саясий окуяларга таасир эткен – саясий технологдук тажрыйбасы бар экендиги тууралуу ой пайда болбой койбойт. Албетте, элчилик миссиялардын көшөгө артындагы кызматынын бирөөсү – тыңчылык экендигин баарыбыз билебиз. Ошол эле учурда, Америка менен тизгин талашкан Кытай мамлекети, диндик парасаты чоң калкы бар Өзбекстан же мунай, газга бай Казакстан, ошондой эле Афганистан менен чектешкен Тажикстан өңдүү коңшуларыбыздын болуусу, Орусия менен стратегиялык кызматташтыгыбыз АКШны албетте кызыктырбай койбойт. Жакында эле чагылгандай чарк этип, кыргыз коомчулугунда будуң чаң салган Кытайларга каршы кыймылдын социалдык тармактар аркылуу активдешүүсүнүн себеби жана 17-январда Бишкектин борбордук аянтында чогулуп жыйын өткөрүүсүнүн аркасында кайсыл күчтөр турганы жана кандай саясий технологиялар колдонулуп жатканы – ачык суроо бойдон калууда.
Ошол эле учурда 2015-жылдын июль айында Кыргыз Өкмөтүнүн АКШ менен болгон 1993-жылкы (жардам алуунун жеңилдиктери жана кызматташуу боюнча) келишимден бир тараптуу чыгып кеткендиги жана жаңы келишимдин али түзүлбөгөндүгү Кыргызстан-АКШ кызматташтыгына тишелүү көптөгөн суроолорду пайда кылууда.
Булак: NazarNews.kg