www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын канцлери Ангела Меркель кызматтан кеткенден кийин пенсия катарында айына 15 миң еврого чукул акча алышы ыктымал. Бул тууралуу РИА Новости DPA агенттигине таянып кабарлады.
Билдирмеге караганда, Меркель 1990-жылдан бери бундестагга дайыма шайланып, муну менен катар Гельмут Колдун өкмөтүндө иштечү. Андан кийин бир аз убакыт оппозицияда жүрүп, кийин федералдык канцлердин ордун ээлеген. Меркелдин бул кызматта эмгектенип келе жатканына 16 жыл болгону айтылды.
Агенттик билдиргендей, Меркелге депутаттык айлык акысынан 65 пайыздын айланасында пенсия чыгышы мүмкүн. Ал эми канцлер болгон ишинен канча пенсия чыгары азырынча белгисиз. Бирок ЖМКлардын маалыматы боюнча, буга чейин жети жыл канцлер болгон Герхард Шредер азыр айына 6,5 миң евро пенсия алат.
Белгилей кетсек, сентябрда бундестагга шайлоо болуп, анын жыйынтыгы менен жаңы өкмөт түзүлөт. Меркель канцлердин ордуна талапкерлигин койгон жок, бирок карьерасын улантышы ыктымал экенин айткан.
Кызматтан кеткенден кийин ал эки референт, катчы, айдоочу менен жеке бюро алууга укуктуу. Маалым болгондой, буга чейинки канцлер Шредердин бюросун камсыз кылууга жылына жарым миллион евро сарпталат.
Булак: NazarNews.kg