www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар агенттиги Ооганстандын коңшуларын чек арасын ачык кармоого чакырды.

"Кырдаал гуманитардык катастрофанын босогосунда турат", - деди Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгынын өкүлү Шабия Манту 13 -августта Женевада өткөн брифингде.

Ооганстандын өзүндө талибдер бүт өлкө боюнча чабуулун улантууда, миңдеген жарандар алардан качып кетүүдө.

"Коопсуздукту камсыз кылбоо эсепсиз жарандардын өмүрүнө коркунуч туудурушу мүмкүн. БУУнун Качкындар боюнча башкармалыгы улуттук бийликтерге зарылдыгына жараша гуманитардык жардамды кеңейтүүгө даяр”, - деп кошумчалады Манту.

Ал арада БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү Ооганстандын тургундарынын үчтөн бир бөлүгү азык-түлүк алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганын эскертти. Программанын өкүлү Томсон Пири билдиргендей, эки миллион оогандык бала тез арада жардамга муктаж.

"Биз эң жаман нерсе али алдыда деп коркобуз", - деди Пири. Анын айтымында, жыл аягына чейин өлкөдөгү ачарчылык менен күрөшүү үчүн 200 миллион доллар талап кылынат.

БУУнун эсебинде, Ооганстанда жыл башынан бери болжол менен 390 миңдей адам үй -жайын таштап кеткен, бирок иш жүзүндө алардын саны мындан да көп болушу мүмкүн.

13 -августта алдыңкы эл аралык жардам уюмунун бири Ооганстандагы "олуттуу гуманитардык кризиске" даярданып жатканын" билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости