www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын Кузьминки районундагы массалык мушташка катышкан чет өлкөлүк 26 адам федерациянын аймагына чыгарылды. Бул маалыматты «Vesti.ru» жарыялаган.

Колуна кишен салынган адамдар «Домодедово» аэропортунан Кыргызстанга депорттолгону белгилүү болду. Алар эми 40 жыл бою Россиянын аймагына кирүүгө укугу жок.

Июль айындагы чырдан кийин Орто Азиядагы 4 өлкөнүн жалпы жүздөн ашык жараны кармалган болчу.

Окуя тууралуу:

Москва шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары мушташканын 2021-жылдын 13-июлунда «РЕН ТВ» телеканалы билдирген.

Эске салсак, буга чейин 11-июлда Химки шаарында Кыргызстандын 2 жараны бычактын мизинен жаракат алышкан. Алардын шериктери өч алууну көздөп, кол салгандарды кечки саат жетиге Москва шаарынын Кузьминка району тарапка чакырышкан. Бирок ал учурда эч нерсе болгон эмес.

Болжол менен түнкү саат он экиде «Кузьминка» станциясынын жанында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда массалык мушташ чыккан. Мушташка болжол менен 180 адам катышкан.

Полиция 94 кишини кармады, калгандары качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

«Эки адам жабыркаган, алар ооруканага жеткирилди», - деп билдирген «РЕН ТВ» телеканалы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости