www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Голливуддун жылдызы Анжелина Жоли дүйнөлүк лидерлерди согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдөгү качкындар менен аялдарга көңүл бурууга үндөп, саясатка бара турганын маалымдады.

28-декабрда Би-Би-Си радиосуна маек курган кино жылдызы Бириккен Улуттар Уюмунун ыктыярдуу элчиси катары аткарган иши тууралуу кенен айтып берди.

БУУнун Качкындар боюнча агенттигинде сексуалдык зомбулукка кабылган аялдарга көмөк көрсөтүп жатып 43 жаштагы Жоли “Азыркы тапта БУУ менен иштешип жатам, кырдаалды оңдоо үчүн колумдан келгенин жасайм” деп убада берген.

Белгилей кетсек, Анжелина Джоли БУУнун өкүлү болуп ал "Лара Крофт: Расхитительница гробниц" (Lara Croft: Tomb Raider) аттуу кинотасмада роль жараткандан кийин колго алган. Аталган кинотасма Камбоджада тартылган. Ошол Камбоджадан ал биринчи уулун Мэддоксту багып алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости