www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бирибиз 695, 65 доллар карызбыз

Быйылкы жылдын март айынын жыйынтыгында 6,4 миллионго жеткен ар бир кыргызстандыктын мамлекеттик карызды төлөөдөгү үлүшү 695,65 доллар болуптур. Бул тууралуу каржы министрлигинин маалыматтары ырастап турат. 31-мартка карата "гүлдөгөн өлкөбүздүн" ички жана тышкы карызы $4 млрд 452,22 болуптур. Муну сомго айландырсак - 310 миллиард 986, 13 миллион сом. Мунун ичинен тышкы карызыбыз 264 миллиард 901,53 миллион сом.

Бир ай ичинде мамлекеттик карызыбыз 31,93 миллион долларга, тышкы карызыбыз 35,07 млн долларга азайса, ички карызыбыз тескерисинче 3,15 млн долларга көбөйүп кеткен. Тышкы карызыбыздын эң көп үлүшү-44,9% Кытайдын экспорттук-импорттук банкына тиешелүү.

2019-жылдын март айына карата мамлекеттик карызыбыз өлкөбүздүн ички дүң продукциясынын 51,4 пайызына барабар болгон. Бул көрсөткүч жылып отуруп 60 пайызга жеткеңде, экономисттердин эсептөөсүндө экономикабыз өлүмтүк абалга туш болуп, айлык акы, пенсия, пособие төлөөдө көйгөйлөр жарала баштайт дешет. Өзүбүз өндүргөн азыктарды чиритип же сапаты начарлыгынан сатып тыйын табалбасак, айла жок кытай, казак, өзбектердин азыгы менен товарларына көз каранды болсок, мамлекетибиздин көз карандысыздык маселеси да күмөн жарата баштаары анык.

Булак: "Ачык саясат"

 

Последние новости