www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кадр тандоодо, элдин убалынан корккула”, деген пикирин мурдагы депутат Надира Нарматова өзүнүн социалдык тармагына жазып чыкты.
--"Министр болуу, чоң атаңдын таш коргон оюну эмес"-деп, бир улуу киши айткан экен. Анын сыңарындай, министрдик кызмат орунга, тармактык тажрыйбасы жетишээрлик, бардык баскычты басып өткөн, билим деңгээли жетиштүү, эл арасында кадыр-баркы бар, министрдик тармактагы адистерден күчтүү, көптү билген, талап койо билген, талапты аткара билген, жоопкерчилигин сезген, өз тармагынын чыныгы кесипкөй адиси болгон Премьер, Президент, Жогорку Кеңештин алдында тармактык маселеге чечкиндүү кадамдарга барып, маселе чече ала турган, жалтаңдап, кылчактабаган, өз тармагын коргоп, жактай ала турган, мыйзам менен сугарылган, сүйлөсө сөзү, ойлосо оюу бар, тиешелүү тармака инвестиция тартып келүүгө, жаңы заманбап технологияларды киргизүүгө, жаңыча ой жүгүртө билген, күчтүү реформатор, жаратман, уюштуруучулук жөндөмү күчтүү менеджер болууга тийиш. Жаштар, адегенде тоонун чокусун эңсебей, аткаруу бийлигинин бутактарында иштеп, такшалып, тарбияланып, тажрыйба чогултсун. Теориялык ой жүгүртүү менен практикалык иш тажрыйбанын асман менен жердей айырмасы бар. Министр, 15, 20, 30 жылдап, даярдалып, такшалган кадр болуп, бышып жетилиш керек. Уктап туруп, министрлик креслого отуруп калмай адатты токтотуш керек. Ар бир министрдин кызмат орунга жараша, коомдогу орду, сүрү, келбети, жарашыгы, элге болгон акыбети, жекече жоопкерчилиги ордунда болуш зарыл. Ошондуктан, тобокелчиликти менен парашютчуларды токтотуу абзел. Айыл чарба Министрлиги бир эле теплица же ишкерлик менен чектелбейт. Көп тармактуу оор тармак. “Дөңгөктөн качсаң аңгеке дегендей” болуп, телпеңдей берген болбойт. Кадр тандоодо, элдин убалынан корккула", деп жазган мурдагы депутат Надира Нарматова.
Белгилей кетсек эконмика министрилиги жана айыл чарба министрлигинин орду бош болуп, ээсин күтүп турат. Минстрликтердин орду социалдык тармактарда кызуу талкуу болууда. Ал тургай айрымдар, Арстан Алайды Өкмөт башчы кылып шайланыш керек экендигин айтып жиберишти.
--Касиеттүү Арстан Алайдан илим алган Rano Arapova деген кыздын түшүндө депутаттар Арстан Алайды "Премьер-министр" кылып шайлап жатыптыр. Эгерде Ранонун түшү туш болсо, анда Премьер-министр Арстан-Алай Абдылдаев болот. Арстан Алай Абдылдаев чындыгында Премьер-министрликке татыктуу инсан. Азыркы депутаттарга караганда алда канча бийик турат. Чыныгы патриот! Кыргызды "кор болбосун, кул болбосун" деп, кыргыз үчүн күйүп, эл үчүн кызмат кылып жатат... "Касиетиң болбосо, байлыгың да, бийлигиң да жараксыз", "каражат менен иш бүтпөйт, касиет менен иш бүтөт" дегендей, Арстан Алай бийликке барса, бир күндө өзгөрүү болооруна ишенем. Себеби, азыркы учурда бийлиги жок эле кенедей элдин аң-сезимин өстүрүп, канчалаган адамдарды оору-сыркоосунан, кырсык-кыйынчылыгынан куткарып жатат. Демек, Касиеттүү Арстан Алай элди азыркы тунгуюктан чыгарып кете алат, деп жазган Кутман Батырбеков.
Белгилей кетсек, акыркы күндөрү социалдык тармактарды кадр маселеси кызуу талкууга алынууда.
Булак: NazarNews.kg