www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чолпон-Ата шаарындагы “Чолпон-Ата” эс алуу үйү банкротко учуроо алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрдагы парламенттин пленардык жыйынында айтылды.
Айтылган маалыматка ылайык, Кыргызстандын кесиптик кошуундарына таандык аталган эс алуу үйү, федерациянын президенти Мирбек Асанакуновдун буйругу менен 3 жыл мурда жабылган. Бул буйрук мыйзамсыз болгонун депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып тармактык профсоюздардын жетекчилери айтып беришти. Андай буйрукка федерациялык кеңештин 29 мүчөсү макулдугун бериши керек.
Эми ал айтылгандарга караганда, мекеменин кайсы бир жеринде суу агып, кайсы бир жеринде сырдалбаган жерлери бар, ал жайдын учурдагы абалы кейиштүү. Карызы 10 миллион долларга жеткен. Эгер эс алуу үйүн жаппай иштеткенде, түшкөн акчанын эсебинен ремонту бүтүп, карызы азаймак.
Булак: NazarNews.kg