www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Аскар Акаев расмий маек берди. 

--Мен, бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. 16 жылдан бери Кыргызстанга келе элек болчумун. Мен бир жумага келдим. Чын дилимден “Кумтөрдү” эмне себептен курганыбызды, кандай каталачылыктарды кетиргенибизди, бир сөз менен айтканда баарын айтып бердим. Бирок териштирүү иштери улантылат. Бүгүн жаңы эле учуп келдим. Дагы иштер менен таанышуум керек. Өлкө жетекчилигине ыраазымын. Дээрлик 16 жылдан кийин өлкөмө келдим. Абдан сүйүнүп турам. Садыр Жапаровго жолугуп, ага ыраазычылык билдирдим”, – деп билдирди Акаев.

Эске сала кетсек, бүгүн, 2-августта Акаев Кыргызстанга келди. УКМКнын маалыматына караганда, "Акаев мурдагы жогорку кызматтагы адамдар менен катар 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүүдөгү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүүдөгү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупция фактысы боюнча кылмыш жообуна тартылган.

Учурдагы бийлик Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге, Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости