www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстанга “Кумтөр” боюнча суроолорго жооп берүү сунушуна макул болуп келди, кайра Москвага кайтат. Бул тууралуу 2-августта “NazarNews” маалымат агенттигине экс- министр Бекболот Талгарбеков билдирди.

--“Акаев УКМКнын сунушуна макул болуп, коюлган суроолоруна жооп берет. Баарыңыздарга белгилүү болгондой мурдагы бийликтердин тушунда эки агасы өтүп кеткен, аларга топурак салып, куран окута алган эмес, ошолорго куран окутат. Кайра Москвага кайтат”,  - деди Талгарбеков.

Эске сала кетсек, бүгүн, 2-августта Акаев Кыргызстанга келди. УКМКнын маалыматына караганда, "Акаев мурдагы жогорку кызматтагы адамдар менен катар 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүүдөгү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүүдөгү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупция фактысы боюнча кылмыш жообуна тартылган.

Учурдагы бийлик Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге, Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости