www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиев коронавируска чалдыгып, сакайганы айтылган. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттиги журналист Аскат Тейитке байланыштык.
-- Саламатсызбы, Аскат мырза. Жаныш Бакиевдердин үй-бүлөсү менен коронавирус инфекциясына чалдыгып, сакайганы айтылды?
-- Ооба, чын эле Жаныш Салиевич ооруду. 21-кылымда эч бир маалыматты жашыра албайсың.
-- Жаныш Салиевич ооруну кандай көтөрдү? Абалы оор болгон жокпу?
-- Абалы жакшы эле болду. Алар илдеттин эң коркунучтуу түрү менен эмес, жеңил түрү менен ооруп, сакайышты. Азыркы учурда ал жана анын үй-бүлөсү өздөрүн эң жакшы сезип жатышат.
-- Жаныш Салиевичтин бир туугандары аталган ооруну жуктуруп алышкан боюнча социалдык тармактарда кеп болууда?
-- Мен так маалымат берейин: азыр анын үй-бүлөсү жана Курманбек Салиевичтин ден соолугу жакшы. Жаныш Салиевич азыркы тапта өз үйүндө. Бакиевдердин башка ага-инилеринин эч кимиси COVID-19 илдетин жуктурган эмес.
-- Маегиңизге рахмат.
Булак: NazarNews.org