www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Аскер Тукешович, биз билгенден сиз мамлекеттик кызматтын эң төмөнкү баскычтарынан баштап30 жылдан бери эмгектенип келесиз. Бул эмгектериңиз бааландыбы?

- Туура. Мен 1989-жылдан бери мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда, Фрунзе шаарынын Ленин райондук аткаруу комитетинин катардагы кызматкеринен баштап ар кандай жетекчилик кызматтарда иштедим. Мамлекет жетекчилиги ишеним көрсөтүп1995-жылдан 2001-жылга чейин Токтогул районунун башчылыгына, андан кийин Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясына, 2007-2009-жылдары Аксы райондук мамлекеттик администрациясын жетектөөгө жөнөткөн. 2009-жылдан 2017-жылдын ноябрына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май районунун башчысы кызматын аркаладым. Бардык ээлеген кызматтарымда жетекчиликтин койгон талаптарын аткарууга болгон аракетимди жумшап, жүктөлгөн милдеттерди ийгиликтүү ишке ашырдым. 2008-жылы КРнын Ардак грамотасы менен сыйландым. Ошондой эле алгылыктуу эмгегимдин аркасы менен Бишкек шаарына ак кызмат кылганым үчүн орден, медаль жана башка көптөгөн ведомстволук төш белгилерине ээ болдум. Айыл чарбасынын, муниципалдык өз алдынча башкаруу кызматынын отличнигимин. 2013-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан “КРнын муниципалдык кызматына эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамына көрсөтүлгөм. Бирок 2004-жылдын 5-майында бир тууганым, милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин өлүмүнө катышкан мурунку бийликтин өзгөчө жакын адамдары саясий себептер менен менин кызматтык тепкичтен көтөрүлүшүмө жана жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик сыйлыктын берилишине ар түрдүү жол менен тоскоолдук кылышкан.

-Учурда Бишкектеги аза кызматтарын көрсөтүү агенттигин жетектеп келесиз. Дегеле бул агенттикке кандайча келип калгансыз?

-2017-жылы ноябрда экс-мэр Албек Ибраимовдун басмырлоосунун негизинде Биринчи май районунун башчысы кызматынан өз каалоом менен бошотуу жөнүндө арыз жазууга мажбур болгом. А.С.Ибраимов менин жетекчи катары чоң тажрыйбамды эске алыпБишкектеги аза кызматтарын көрсөтүү агенттигин жетектөөнү жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты К.Б.Мүзүралиевдин кызыкчылыгы менен кагылышуулардын натыйжасында дайыма чыр-чатак болуп турган агенттикти тартипке келтирүүнү тапшырды. Аталган мекемеде жетекчилер тез-тез алмашып, 2010-жылдан бери 7 жылда 6 директор келип-кетипагенттиктин иш алып баруусу начарлап, кызматкерлердин ишине көзөмөлболгон эмес экен. Эскирген негизги фонддор, техникалар, транспорт каражаттары, акчанын жетишсиздиги, кызматкерлердин жана жумушчулардын төмөн эмгек акылары ыргылжың кырдаалды түзгөн.

-Мындан башка агенттиктерге аракет кылган жок белеңиз?

-Кесибиме жана иштажрыйбама көбүрөөк жакын болгон “Жашылдандыруукурулуш”муниципалдык ишканасына жетекчи кылып дайындоону сурангам. Бирок мэр суранычымдан баш тарткандыктан бул кызматымды аркалап калгам.

-“Тартип, талап болбогон жерде иш болбойт” дешет. Чаржайыттык орун алган мекемеге келгенде ишти эмнеден баштадыңыз?

-2017-жылы декабрда ишке киришип агенттиктин каржылык-чарбалык ишин талдап көрүп, биринчи каржылык тартипти орнотуп, ушул тармакты ордуна койдум. Иш процессинде укуктук-ченемдик актылар, Жоболор, Устав ишке ылайык келтирилди. Ишти жолго салуу үчүн негизги, жүгүртүүчү каражаттарды жана көрүстөндөрдөгү көмүлө турган жер тилкелерин инвентаризация кылуу боюнча ишти аткарып, жыйынтыгын берген комиссия түздүм. Агенттиктин аппаратына төлөнүп жүргөн 30% өлчөмүндөгү үстөк акы мыйзамсыз кошулуп эсептелгендиги табылып, агенттиктин ички буйругу менен жокко чыгарылды.

Агенттиктин кызматкерлеринин жана көрүстөндөрдүн жумушчуларынын айлык акылары көтөрүлдү. Биринчи жолу агенттиктин кызматкерлерине жана аза буюмдарын келишим менен тапшырган жеке жактарга акча каражаттарын электрондуккарточка системасы менен берүү жолго коюлду. Ошондой эле биринчи жолу товардык-материалдык баалуулуктарды (ТМБ) мамлекеттик сатып алуулардын порталы аркылуу сатып алуу өз убагында жүргүзүлө баштады. Учурда ТМБ сатып алуулар тендерлердин негизинде гана болот. Казына аркылуу каржылоо боюнча ишке өзгөртүү киргизилип, талапка ылайык келтирилди. Адистештирилген техника (рефрижератор, экскаватор, сөөк ташуучуБУС) алууга 2018-жылга шаардык бюджеттен 7,2 млн. сом бөлүндү.Каржы каражаттарын үнөмдөө жана оптималдаштыруу максатында кызмат орундарын айкалыштыруу жүргүзүлдү. Боордоштор жана дунгандар көрүстөндөрүнүн кароолчусунун милдеттерин аткаруу Ала-Арча көрүстөнүнүн кароолчусуна жүктөлдү.

- Сиз бул кызматка келгенден кийин Түштүк-батыш көрүстөнүндө жер сатуу боюнча чырлуу материалдар коомчулукка тарады. Бул чуу боюнча эмне дейсиз?

- Азаттыкка көр сатуу боюнча материал чыкканда абдан жаман болгом. Ал убакта кызматка келгениме 4 ай эле болуп, бул агенттиктеги баш аламандыкты жоюу максатында комиссия түзүпмурункулардын болгон былыктарын чукуй баштаганымда жаңы жетекчи жаманатты болсо деген сыяктуу мага каралоолор болду. Ал кадамдары, тескерисинче, өз абийирлерин өздөрү ачканга өбөлгө түздү. Андыктан өзүмдүн ар-намысымды, кадыр-баркымды, жаратмандык аброюмду коргоп бул маселелер боюнча ушул маегимде кенен түшүндүрмө берсем дедим. 2018-жылы ишимди Түштүк-батышкөрүстөнүндөгү бир канча убакыттан бери бош турган орундарды санап, иликтөө боюнча өз буйругумду берип, аппараттын кызматкерлеринен комиссия түзүү менен баштагам. Ал комиссия бир ай иштеп, эң алгачкы натыйжаларын берип 2007-2016-жылдары бөлүнгөн,31 тосулган, 30 тосулбаган, жалпы 61 сөөк коюлбаган орундарды тактаган. Ал орундар аталган көрүстөндүн ортоңку бөлүгүнөн берилип кеткен. 2007-2016-жылдары борбордук аллеяда87 маркум көмүлгөн. Мындан тышкары борбордук аллеяда А.Н.Ш. (2007-ж.), У.К. жана М.К. (2014-ж.) аттуу жарандардын көздөрү тирүү кезинде коюлган эстеликтери табылган. Жогорудагы фактылардын негизинде 2018-жылдын 26-апрелинде акт түзүлгөн. Ушул акты түзүлгөндө эле ызы-чуунун алгачкы кыймылдары башталган. Комиссиянын мүчөлөрүнө “актыдагы бош көрүстөндөрдү аз эле көрсөтүп койгула” деген өтүнүч чалуулар болгон. “Эч кандай бурмалоо болбосун. Эртеби-кечпи ачыкка чыгат”, - деп аларга жол берген эмесмин. Көрсө, ошондо кантип ушул маселени өздөрү жагына чечип аларын билбей мени каралоонун үстүндө иш алып барышкан экен. Айрым сайттар жалган маалыматтарды жазыпмага каршы иштеди. Мен муну кийин кур жалаа жабуу иретинде телерепортаж пайда болгондо гана түшүндүм. Ал телерепортажда мага чейинки коюлган эстеликтер көрсөтүлгөн. Көр сатууга менин эч кандай тиешем болбосо дагы мага кандайдыр бир көө жабылып калды. Бул убагында бир эле мага эмес, үй-бүлөмө, бир туугандарыма, куда-сөөктөрүмө чейин оор тийди. Бирок мен андай деле терикпейм. Себеби ал жайлар мен иштеп жатканда сатылган эмес. Тескерисинче, мен аларды иретке келтирейин деп жан үрөгөндө мага жармаштырылган жалаа болду да калды. Кийин иликтенген көр сатуу боюнча козголгон кылмыш ишинин үстүнөн биз дагы иштеп, принципиалдуу түрдө бул жактагы болгон материалды тергөө органдарына берип, алар менен чогуу иш алып бардым. Мына быйыл жазында айып коюлуп, ошол убакта иштеген, көр саткандар азыр сот жообуна тартылып жатат. Булардын коррупциялык иштери биз ойлогондон да тереңдеп, тамырлап кетиптир. 234 жай, ушунча маркумдун сөөгүн жерге берүүдө агенттикке арыз жазылып, кызмат акысы төгүлбөстөн 900 миң сомго жакын акча чөнтөккө кетип биздин Аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги зыян тарткан. Андан сырткары башка кымырган акчаларды айтпай эле коёюн.Мындайча айтканда, агенттикте синдикат орун алып калган. Тереңдеген коррупциялык иштерин жаап-жашырсак деген аракетте мени эртерээк иштен кетириш керек болгон.Азыркыга чейин мага каршы өтө таасирдүү адамдарды фактыларды бурмалоо жолу менен ишендирип, тирештирип жатышат. Эми алар, албетте, сот жообуна тартылышат. Каржы полициясы тарабынан айып коюлган соң, албетте, мыйзамдын алдында жооп берүүлөрү керек. Биздин акты менен аныкталып, такталган бош орундар үчүн жооп бериши зарыл. Убагында ким ошол орундарды калтырган? Акча алганбы, жокпу? Муну эми тергөөчүлөр иликтейт. Буюрса, дагы бир топ иштер ачыкталат деген ойдомун.

- Эмгек жамаатыңыз туурасында да айта кетсеңиз.

- Бизде штаттык бирдик жалпы 78 адамды түзөт. Мен келгенде жумушчулардын айлыктары 3300 сом эле болчу. Жай казгандар менен кароолчулардын айлыктары абдан төмөн эле. Азыркы заманда 3300 сомго ким иштейт? Ал эмнеге жетет? Андыктан бул маселени Шаардык кеңештин депутаттарына, мэрияга айтып быйыл бир аз эмгек акыларын көтөрдүк. Кыштан бери жумушчуларыбыз 10 миң сомдун тегерегинде айлык ала башташты. Бул дагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн бир жолу. Себеби 3 миң сом алган жумушчу маркум ээлерине жалдырап карайт. Алар тамак-ашын, колундагысын берет. Колундагы бир аз тыйынды берген менен мындай чыккан соң “мынча акча алышат экен” деп сүйлөшөт. Ушундай болбосун деп айлыктарын жогорулатууга аракеттендим. Акча жагын бөлүштүрүү кыйын.

Ошондуктан депутаттардан турган бюджеттик комиссияга болгонун түшүндүрүп, далилдеп айттык. Жумушчулар да ыраазы. Көп жылдан бери техникалык паркы каралбай калган. Сөөктү ташыган, маркумду акыркы сапарга узата турган атайын техникалар алынган эмес. Алардын абалы өтө начар болгон. Аны да айтып былтыр 4 даана атайын сөөк салган техника, экскаватор, боз үй алдык. Эгер кайрылуулар болсо барып өз убагында боз үйүн тигип беришет. Кыскасы, мурдагыга салыштырмалуу аза кызматын көрсөтүү кыйла жакшырды. Бүгүнкү күндө Түштүк-батыш көрүстөнүндө көмүү үчүн орундар боюнча жумуш китепчесине каттоо менен так эсеп жүргүзүлүп келет. Андан ары көмүү үчүн көр ээлеп коюуга тыюу салынды жана мекемеде тартип орнотулду. Таза, акыйкат, мыйзамдуу иш алып барууга аракеттенип жатабыз.

Ушундан улам мурункудай коррупциянын даамын татып алып агенттикке иштейбиз деп жанталашкандар жокко эсе. Жан дүйнөсү соопчулук үчүн иштейбиз деген эле кызматкерлер калды. Ошентсе да өзгөчө былтыркы чыккан репортаждын кесепетинен биздин агенттикке көлөкө түштү. Бул моралдык жактан биздин имиджге туура келбейт. Андыктан окурмандарга айтарым, Бишкек боюнча аза кызматын көрсөткөн бир гана биздин мекеме бар. Бул жерде иштегендердин иши өтө оор. Мекеменин аты моралдык жактан кишини басынтып турат. Бирок кылган кызматыбыз Кудай алдында сооптуу. Ушундан улам кызматкерлеримди жана жумушчуларымды моралдык жактан актагым келет. Бул жерде көп жылдан бери иштегендерди баалайм. Кыш күрөөдө, жайдын аптабында күн-түн дебей кызмат кылышат. Андан сырткары үй-жайы жок көчөдө каза болгон адамдарды соттук-медициналык экспертиза иликтеп, бир айдан кийин чыгарат.

Ошол бир ай ичинде 20-30 суткага чейин жетип кеткен, өлүкканадан чыккан маркумдардын сөөгүн биздин мекеме гана акыркы сапарга узатат. Бир ай сакталган жансыз сөөктүн абалын элестетүү мүмкүн эмес. Мына ушундай кызматтарды кылып жаткан адамдарды эч качан каралоого болбойт. Адамды жерге берүү деген баары бир моралдык жактан оор. Ал эми биздин кызматкерлер күнүгө ушундай ишти аткарышат. Ошондуктан бизди каралагандар, мыйзамсыз иштерди жасагандар жоопко тартылса дейбиз. Ак ийилет, бирок сынбайт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости