www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атаңдын гөрү! Анакей, арадан аз гана убакыт өттү. Кечээ эле Алмазбек Атамбаевдин аты, анын ашынган заар бийлиги ай чапчып турду эле го. Анын "Ааламды мыкчыдым, эми колумдан чыгарбайм" - деп ойлогон орошон ойлору, бактылуу күндөрү минтип алеки саатта көздөн кайым болуп, өзү, үй-бүлөсү, айлана чөйрөсүндөгү адам экенин тааныбай калган чөөлөрү эмне болуп кеткенине түк түшүнбөй, акылдары (ушул нерсе жетишпегендиктин жыйынтыгы) жетпей, сыйпалап, текши темир тордун артына тизилип отуруп калышты. Убакытты карагыла, көз ачып-жумганча..
Жөн эле элдин ырыскысын кичинеден кытып жеп, акырын жылып кетишсе бир жөн эле. Антишкен жок, чексиз бийлигин пайдаланып, чектен ченебей чыгышты, канчалаган адамды жазыксыз кордошту, мойундарын тооктукундай толгоп, ойлорунан чыгарып кылмыш иштерди козгоп, каматып, сабатып, миңдеген үй-бүлөнү бейкүнөө сыздатышты, алардын бала-чакасын ыйлатып, эми койчу, эмнени гана айтпайлы, кандай гана алаамат салып койушуп, өздөрү сайрандап, ыржактап күлүп турушту. Ушундай теңсиздиктерин, аша чаап көпкөндүктөрүн, көздөрүн май басып манчыркап жаткандарын кайра-кайра какшап айтып-деп чындык менен калыстыкка үндөп, актыкты туу тутуп тургандарды пырпырата баса калып соттоп, ооздорун жаап, он миңдеген, ал эмес миллиондогон айып пулдарды салып, үй-жайларын тартып алып, көчөгө кууп салгандан да уйалбай калышкан күндөрүн эстешээр бекен?
Аттиң, береги биринчи Леди Раиса айым Атамбаева ошондо ушундай күнгө туш болуп, жалдырап жардам сурап, жалгыз калаарын эстеди бекен? Ошондо, ой кой Алмазик, алтыным, алар деле бизге окшогон адамдар да, убалды ойлойлу, жок дегенде балдарын, үй-бүлөсүн айачы" деп бир ооз айтканга жарады бекен? Кудай, Кудай дейсиң, Кудай деген бүт баарын текши көрүп-билип турат эмеспи, Кудай алдында баарыбыз бирдейбиз, каарына калып калбагай элек, эл деген эл, элдин каргышына калып калбагай элек, бийлик колдун кири, келет-кетет, эртеңкибизди ойлойлу" - деди бекен? Ай, таң, ким билет!
Калктын каргышынан өткөн оор жаза жок экенин эстеп да койбогондорун эми, бүгүн, азыр гана түшүнүшүп, ичкендери ирим, жегендери желим болуп жаткан менен, жер тепкилеп, зар какшаган менен баарына кеч болуп, эми ал күндөр эзели артка кайрылып келбесине түшүнүп, өздөрүнүн көздөрү деле жетип жатса керек!
А биз, көпчүлүк эмне дейт элек? "Ким гана болбосун кол менен жасаган күнөөнү мойун менен тартууга туура келет, андан башка кыйгап өтө турган оңой-олтоң, жөн-жай эле жоопсуз кутулуп кете турган жолдору жок" - дегенге гана жарайбыз!
Асыран Айдаралиев, журналист
Булак: NazarNews.kg