www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын имаратында болгон Атамбаевдин бүгүнкү сотуна барган үй-бүлөсү, тарапташтары, журналисттер киргизилген жок. Журналисттер жөн турабы, Кундуз Жолдубаевадан баягы кызыл баштык боюнча сурашты.

Ага: “Экс-президент Алмазбек Шаршенович ал пакетти адвокат Сергей Слесаревге тапшырып койгула деп аманат катары тапшырган. Анын ичинде документтер гана бар болчу. Ошонун айынан менин үйүмдү да тинтишти. Анын ичинде акча, бриллиант болгон деген нерсе логикага жатпайт. Эгер баалуу нерсе болсо, ал ары-бери көтөрүлмөк беле? Ары-бери көтөрүп жүрө берип, кармагычы да айрылып калган экен. Ага эч ким көңүл бөлүп, убагында сураган эмес, эртеси эле: "кана пакет?" болуп, ызы-түшүп жатып калды, - деп жооп берди Жолдубаева.

Эскерте кетсек, “Атамбаевди кармоо учурунда Асанов андан акча, зер буюмдар жана маанилүү документтер салынган пакет алып жатат” делген видео 13-августта социалдык тармактарга тараган. Убагында ага Асанов жооп берип, акча албаганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости