www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарындык “Атамекенчилер” партиянын жаңылануу саясатынын иш жүзүнө ашып жаткандыгын көргөзүштү. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын маалымат-кызматы билдирди.
18-январь күнү Нарын шаарында “Ата Мекен” социалисттик партиясынын облустук конференециясы болуп өттү. Облустук конференцияга жаш саясатчылар: “Ата Мекен” партиясынын төрага орун басары Наталья Никитенко, партиянын Бишкек шаары боюнча жаңы координатору болгон Ulanbek Turdaliev, Ысык-Көл облусу боюнча жаңы координатору Бакыт Рыспаев, Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна Нарын облусу боюнча координатору болуп шайланган Эрлан Аскаров жана “Ата Мекендин” төрага орун басары, экс-вице-спикер Асия Сасыкбаева катышышты.
Конференциянын күн тартибинде Кыргызстандагы бүгүнкү социалдык-экономикалык жана саясий кырдаал, андан келип чыккан партиянын иш чаралары тууралуу маселелер каралды. Ошондой эле партиянын 20-мартта боло турган кезексиз XIII съездине делегаттар, партиянын облустук уюмунунун жетекчи органдары шайланды. Облустук саясий кеңештин төрагасы болуп профессор Жолдошбек Сыдыков, облустук уюмдун төрагасы болуп Төрөбек Жунусов шайланды.
Төрөбек Жунусов Нарын шаардык кеңешине “Ата Мекенден” депутат болгон.
Ал эми партиянын координатору Эрлан Аскаров Нарын шаардык кеңешинин эки жолку депутаты.
Нарын облустук партиялык уюму “Ата Мекен” партиясынын жаңылануу жана жашаруу саясатынын реалдуу иш жүзүнө ашып жаткандыгын көргөздү. 13-январда партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев кезексиз курултай чакыруу буйругун чыгараар замат, биринчилерден болуп, Нарын облусу “Ата Мекендин” ынтымагын, мобилдүүлүгүн далилдеди.
Ал эми партиянын жаш лидерлери сырттан эмес, жаш кезинен “Ата Мекенде” мүчө болуп, партиянын баалуулуктары, принциптери каны-жанына сиңип, алардын жашоо образына айланып калган чыныгы мекенчилдер.
“Ата Мекен” жаңыланууга бет алды!
Булак: NazarNews.kg