www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрдын акырында Алмазбек Атамбаев Москвага иш сапары менен бара жатып, Нариман Түлеев менен бир учакка отуруп калганы бар. Анда Түлеев алгач Атамбаевди качып баратат деп, Фейсбуктагы баракчасына чыгарып, анан бир аз өтпөй эле экөө чогуу түшкөн «селфи» сүрөт илген. Аны эки жүздүүлүккө айыптап чыккан интернет колдонуучуларына жооп кылып, Нариман Түлеев учакта 3 саат бою Атамбаевге сын-пикир айтып барганын, экс-президент унчукпай угуп отурганын айтып, актанган.

Бул боюнча суроого Атамбаев төмөнкүчө жооп берди: «Самолетко отурсам, аркамда бирөө бакылдап аткан. Карасам, Түлеев экен. Анан «кел» деп ишаарат кылдым. Келип, жаныма отур десем отурду. Бакылдабай арманың болсо айт десем, үч саат армандарын төгүп айтып атты. Эми, ал айткан сөздөрдү айтсам өзү ыңгайсыз болгону турат. Бир чети аяп да жатам Нариманды" - деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости