www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев абисин Бабанов сагынып калгандай. Өмүрбек үкасы менен кошо Өмүрбек акасы да Атамбаев соттогонуна карабай кусалыгы артып жаткандай. Баштан өтпөдүбү, Атамбаев кайрадан президент болсо Бабановду “жөжөдөй” бырпыратып баса калып жалмалап, Текебаевге дагы бир Маевскийди таап келип түрмөнүн түбүнө чиритер.

“Жалын күйүп чок болоор, “жөжө” өсүп “тоок” болоор” Атамбаев убагында “жөжө” Бабанов Москвага барып өсүп жетилгендей. Бабановдун “кол баласы” Руслан Казакбаевдин баласынын тою тимеле сенсациялардын булагы болду көрүнөт. Эми тойдун өзү тойдой эле өтсө керек. Кептин баары ал жерде чогулган саясатчыларда болууда. Эки Өмүрбекти эл арасында айыкпас оппоненттер деп ойлоп жүргөн. Бирок саясатын ушундай сасык экен дейсиң.

 Эл айтса калп айтпайт дейт эмеспи, анысы сыңарындай саясатчылар күндүз бири-бирине душман көрүнөт, кечке маал бир тойдо көрүшүп, “өбүшүп” калат дегени чын экен. Бул тойдо дагы эки Өмүрбек жубайлары менен бирге портретке түшүп, элди таң калтырууда.

Дагы бир сүрөттө эки Өмүрбек, бир Атамбаев. Баарын кызуу талкууга алган Текебаев, Бабанов жана Кадыр Атамбаевдин сүрөтү болуп турат. “Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн” дегендей эле. Бир туруп сүйүнөсүң, бир туруп таң каласың. Мүмкүн, бул дагы саясий эки жүздүүлүктүн бир белгисидир.

Ал тойдо ошол эле Атамбаевдин аялы, баласы, Текебаев, Мадумаров, Бабанов, Ташиев дагы бар дешет. Мамлекеттик чиновниктердин Раиса Атамбаева менен бийлегендерин, сүрөткө түшкөндөрү элди таң калтырды. Кызык, Атамбаевди кечээки кордук көргөндөр даңазалай баштаганы,булардын жаңы бийликти сүйбөй калганыбы же Атамбаевди кайра бийликке алып келип, кайра запкы көргүсү келип калгандарыбы?

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости