www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын тергөө абагында ушул жылдын 26-октябрына чейин камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кылмыш кодексинин бир канча беренелери боюнча он төрт кылмыш ишине шектүү деп табылган. Бирок ал күнөөлөрдү мойнуна алмак турсун көрсөтмө берүүдөн да баш тартып жатыптыр. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирген.

Анын айтымында Алмаз Шаршенович күнөөлүү эмес. Ал күнөөсүн мойнуна албай, тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берген жок. Анын Кылмыш процессуалдык кодекстин нормасына ылайык, жооп берүүдөн баш тартууга укугу бар экендигин жактоочу кошумчалаган.

Атамбаевдин 7-8-августта «Спецназды өз колум менен атып өлтүрдүм, курал менде гана болгон», деп Кой -Ташта эл алдына чыгып айтканы белгилүү. 

Андан сырткары Кой-Ташта баш аламандык кылып, элди экиге бөлүп-жарып ачык эле чагымчылдыкка барган. Жыйынтыгында 100дөн ашуун адам жаракат алып, бир адам кайтыш болгон. 

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын баардык тарабы 3 чарчы метр жер төлөсүндө жатат. Түнкүсүн электр жарыгы өчүрүлбөйт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости