www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Борбордук Азиядагы суу ресурстарына ээ болууну көздөп жатат. Эгерде биздеги ГЭСтер Москванын колуна өтсө, Ташкент менен Нур Султан колго түшүп калат. Мындан бир нече жыл илгери Орусия менен Кыргызстан Нарын ГЭСин куруу боюнча келишим түзгөн. Ал аткарылган эмес, келишим бузулган, эми кайрадан Орусия бул келишимди кайрадан түзүүгө кызыкдар.

Балким Ташкент менен Нур Султандын үстүнөн кайрадан көзөмөлдүк кылууга аракеттене баштагандыр. Электр энергиясынын мекени деп даңкталып, чет мамлекеттерге электр энергиясын сатабыз деп жулунуп турган биздин мамлекетте, электр энергиясынын жетишсиздиги даана билинди.

Кыргызстандын түндүк жагы 600 мегаватт жетишпей, жалпы мамлекетибизде 1000 мегаватт дефицит болуп турат. Ошого карабай Кыргызстанга эбегейсиз муктаждыгыбызды камсыз кыла турган Камбар-Ата-2 ГЭСи саясий кызыкчылыктан улам ишке ашпай жатса, 240 мегаватт кубаттуулуктагы Нарын ГЭСтеринин курулуштары колдон-колго өтүүдө.

Бүгүнкү күнү Нарындын жогорку каскадында төрт ГЭСтин курулушу курула элек жатып көйгөйлүү болду. Орусия менен келишим түзгөндө 480 миллион долларга курулат деп эсептелинип келген Нарын ГЭСтеринин курулуштарынын баасы асман, айды чапчып 727 миллион долларга жетип кеткен.

Эмне биздин байманабыз ашып-ташып турабы же кыргыз элинин байлыгын туш келди чача берсе болобу?

Мынча акча чачылды ал Кыргызстандын мойнуна жүктөлдү, бирок ар бир киловатт электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн биз 2 миң 500 доллар сарптамакпыз, ошону менен тим калбай бул электр энергиянын өздүк наркы да кымбат болмок.

Анткени, Орусия Кыргызстан менен бул курулушту кураар алдында 50 пайызын бизге, 50 пайызын алар ала тургандай келишим түзүлгөн. Бул келишим бизге ылайыктуу болчу, бирок мунун артында шоу курулуп, биздин мамлекетке тиешелүү 50 пайыздын 25 пайызы Орусияга сатылып, алар 75 пайызына ээ болуп калган. Бул ГЭСтер толук пайданы 15 жылдан кийин берет деп болжолдонгон.

Ага чейин кеткен чыгымдарды жабууга жумшалмак. Он беш жыл боюу Орусия биздин энергияны өндүрүп кайра өзүбүбүзгө сата баштамак. Орусия Нарын ГЭСине өгөй баладай мамиле жасаган Нарын ГЭСтеринин жалпы кубаттуулугу 237,7 мегаватт, жылына 942 миллион кВт/саат электр энергиясын иштеп чыкмак Нарын каскадын куруу боюнча долбоордо ГЭСтерден чыккан электр энергиясынын баасы 4 сомдон ашып түшмөк, ал эми америкалык доллар менен эсептегенде 6,04 цент. Бул ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 237,7 мегаватт же болбосо жылына 942 миллион киловатт/саат электр энергиясын иштеп чыкмак. Жоктон көрө жогору болгону менен Орусиянын өкмөтү мойнуна жүк кылып үйүп койгон “Русгидро” бул курулушка өгөй баладай мамиле жасаганы аз келгенсип, көпчүлүк учурда орус өкмөтүнө моюн толгоп, милдеттенмелерин аткарбай келе жаткан. Ал эмес өзүнө тиешелүү акцияларын башка ишканаларга сатып жаткандыгы эмнелерди каңкуулайт?

Бул ГЭСтердин курулушу менен Орусия Кыргызстанга саясий сыйыртмак салмак.

Каалаган убакта сыйыртмактын жибин бошотуп, каалаган убакта сыйыртмактын тартып койо алышмак. Ал эми бул ГЭСти куруудан Орусиянын мен деген ишканаларынын ирээнжип турушу, курулуш аларга пайда алып келбейт, курулуш Орусиянын саясий барымтасына Кыргызстанды салып бергенден башка пайдасы жок эле. Ал эми ушундай кырдаалдан пайдаланып “Русгидро” өзү каалагандай коррупциялык жол менен курулуштун баасын уламдан-улам көтөрүп баа жеткиз курулушка айлантканы да ошондон.

Болбосо, ошол кезде Теңир-Тоонун Ак-Булуң аймагында курулушчуларга 40 миллион сомдук турак-жай куруп бергени болбосо, кыйраткан жумуш деле бүткөн эмес. Анан 37-миллион доллар кайда кетти деп келишимди бузушкан. Бул долбоорду СССР убагында эле түзүшүп, бирок стратегиялык жактан майнапсыз долбоор болгондуктан, ишке ашырган эмес.

2019-жылы бүтмөк ГЭСке келишим да түзүлө элек Ал кездеги президент Камбар-Ата ГЭС-2 инин курулушу али аягына чыга электе аны бүтүрбөй туруп, өзүнүн аты кылымдарга калсын деп Жогорку Нарын ГЭСин курууга Орусия менен келишим түзгөн. Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушуна 2 млрд рубль бөлүнгөндүгүн, орусиялык тарапта каржылоо боюнча эч бир маселе жок экенин айтып: «Зарыл болсо каржылоо 5 млрд рублге чейин көбөйтүлөт, демек, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушу жана эксплуатациялоо жөнүндө Өкмөттөр аралык макулдашуунун бардык шарттары аткарылууда», - деген.

«Русгидронун» жетекчиси келип, анан сүйүнчүлөп буюрса 2019-жылы ГЭС иштей баштайт деген, сөзү: «Биз Алмазбек Шаршенович жана Владимир Владимирович тарабынан бекитилген графикти сактайбыз. Алгачкы агрегат 2016-жылы, калган блоктор 2019-жылы иштей баштайт. Бүгүн биз маанилүү иш-чараны өткөрдүк, вахталык шаарчаны кыдырып,каскаддын куруучуларынын жашоо, эмгектенүү шарттары менен таанышып чыктык. Өкмөт менен жер бөлүп берүү маселесин талкууладык», - деген ал.

Ошол жерден сөз алып сүйлөгөн ал кездеги президент Атамбаев Кыргызстандын электр кубаттуулугун арттыруудагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушунун маанисин айткан. Атамбаев пландаштырылган бардык жумуштарды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруунун зарылдыгын белгилегени менен, бул долбоор ишке ашпай, Орусия берген 37- миллион долларды кимиси ичип жегени белгисиз, биздин мамлекет төлөмөй болуп калган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости